• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү иретке келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.06.21./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаардын борбордук бөлүгүн (Дом бытанын алды) иретке келтирүү жумуштары улантылып жатат. Анын алкагында чачкынды соода жайлары, ижара келишими аяктаган жана мыйзамсыз курулган соода жайлары, контейнерлер алынууда.

Мындай иретке келтирүү иштери чачкынды соода жайлары орун алган башка жайларда да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий