• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош мэриясы менен ЮНИСЕФ эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Өз сөзүндө мэр ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын, энелерди жана балдарды коргоо, балдарды эрте өнүктүрүү жана тарбиялоо жаатында аткарып жаткан иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Шаардык төрөт үйүнүн инфраструктурасын жакшыртууга, медициналык кадрларды даярдоого кошкон салымын баса белгиледи. Ошондой эле, мэр ата-энелерди тарбиялоонун позитивдүү ресурстук борборун ачууну сунуштады. Анда ата-энелерге балалуу болгондон кийинки алгачкы жылдарда бала багуунун негиздери үйрөтүлөт. Кристин Жольм бул демилгени колдоп, учурда бул багытта санариптик механизмдерди иштеп чыгуу аяктап жатканын белгиледи.

Ошондой эле балдарды колдоо, жаштардын активдүүлүгүн арттыруу багытында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду. Жаш балдарды толеранттуулукка жана бири-бирине сыйлоого тарбиялоого негизделген долбоор тууралуу айтылды.

Мындан сырткары, билим берүү ("Кыздар илимде" долбоору), саламаттыкты сактоо, анын ичинде шаардын медициналык мекемелерин керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу, жаңы төрөлгөн балдардын майыптыгын азайтуу боюнча перинаталдык аудит боюнча долбоорду ишке ашыруу программаларынын натыйжалары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий