• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 1,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 1,5 тонна жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1,3 тонна кара куурай жок кылынган. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарында бир гектардан ашык жердеги кара куурай жок кылынган. .

Аны менен бирге, эл арасында баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Буга чейин Тогуз-Торо, Токтогул, Ала-Бука, Аксы жана Ноокен райондорунда 18,5 гектар жердеги кара куурай жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий