• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абадда 569 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 569 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Көк-Арт дарыясынын 10-коргоочу тосмосунун сол жээгинин 15 метр аралыгына жана Жалал-Абад шаарындагы Живпром тилкесиндеги 569 турак үйгө, 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралды.

"Азыркы тапта жеринде облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан дарыя жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Көк-Арт дарыясында секундасына 50 куб суу агууда.

Пикир

Оставить комментарий