• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү дары саткан дарыканалар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү дары-дармектерди саткан дарыканалар тармагы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

маалыматка ылайык, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалынын өкүлдөрү менен бирдикте дарыгердин рецепти боюнча дары-дармек каражаттарын (баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери менен) сатуунун мыйзамдуулугу боюнча Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларга рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар тармагын аныкташты.

“Текшерүү сатып алуунун” (контрольная закупка) жүрүшүндө дары-дармекти рецептсиз эле сатып алууга мүмкүн болгондугу тастыкталган.

Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармек каражаттарын аныкталып
алынган.

Алынган заттардын жалпы салмагы 1,170 мл жана 350 капсуланы түздү. Дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылды.

Белгиленгендей, мындай иш-чаралар республика боюнча системалуу түрдө өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий