• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда өрт кырсыктарынын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын алкагында мэрия, экотехинспекция, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте шаар ичинде жайгашкан тамактануучу жайлардын, бала бакчалардын, мекеме-ишканалардын өрт кырсыгынын алдын алуу шарттары текшерүүгө алынды.

Тиешелүү талаптар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу талаптары коюлду.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү бөөдө кырсыктан сак болууга чакырышты. Окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт кырсыктары орун алган учурда коргонуу эрежелери жеткирилди.

"Коомдук жайларда жана өз үйлөрүндө электр шаймандарын колдонууда этият болуп, сөзсүз түрдө өчүрүлгөндүгүн текшерип, тилсиз жоонун алдын алуу керектиги айтылды", - деп кошумчалашты милициянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий