• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда сел каналдарын тазалоо, жээктерин бекемдөө иши жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында сел каналдарын тазалоо, жээктерин бекемдөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан жалпы узундугу 15 чакырымды түзгөн 3 ири сел канал тазаланып, айрым бөлүктөрүндө бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, мындай иш-аракет жаан-чачын жааган мезгилдерде шаарга келүүчү селдин алдын алуу максатында жыл сайын бир нече жолу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий