• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун Озерная айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылында жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Мамкурулуштун өкүлдөрү, Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси, ошондой эле Чүй облусунун губернатору, Аламүдүн районунун акими жана бир катар расмий адамдар катышты.

Мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун эсебиненн каржыланган "27 мамлекеттик мектептин курулушу" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Мектеп 375 окуучуга эсептелип, сметалык наркысы 1 млн 526 миң 804 АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий