• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдүн Новомихайловка айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кемин районунун Новомихайловка айылында 100 окуучуга эсептелген мектеп ачылды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Жаңы мектепте 5 окуу классы, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, китептер үчүн архив бөлмөсү, тамактануучу зал, буфет, компьютердик класс, санитардык түйүн, кампа жана техникалык бөлмөлөр бар. Курулуштун жалпы аянты 828,6 чарчы метрди түзөт.

"1950-жылы курулган мектеп архитектура-курулуш нормаларына жооп берчү эмес. Имарат пайдубалы жок курулуп, дубалдары самандан жасалган. Имарат капиталдык оңдоодон өткөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

"Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сунуштардын арасынан Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башталгыч класстар үчүн мектеп куруу долбоору жактырылган.

Мектепти курууга 26 млн 145 миң 421 сом сарпталды, анын ичинен 25 млн 822 миң 648 сому донор тарабынан бөлүнгөн грант. Ал эми Чым-Коргон айыл аймагынын коомчулугунун салымы 322 миң 733 сомду түздү.

Маалымат үчүн: "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн АКШ доллар. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар.

Пикир

Оставить комментарий