• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жаңы жылды майрамдоо үчүн дээрлик 500 миң сом бөлүндү

Аймак 0

Ош, 18.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн 458 миң сом бөлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад муниципалитети коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, өрт коопсуздугу, Жаңы жылды майрамдоо мезгилинде өткөрүлө турган бир катар иш-чаралар боюнча тапшырма берген.

Ошондой эле, ар кандай жардыруучу заттарды сатуучу дүкөндөрдүн документтерин текшерүү боюнча тапшырмалар берилген. Мыйзам бузуулар аныкталса, сапатсыз азык-түлүктөрдү сатууга тыюу салынат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан мындай иш-аракеттер жардыруучу заттар менен ойногон жеткинчек балдардын коопсуздугу үчүн жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий