• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 27.10.17./Кабар/. 26-октябрда Жалал-Абад облусунда саат 21:43тө очогунда күчү 4,0 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 6 чакырым түндүк-батышта, Көк–Жангак шаарынан 27 чакырым түштүк-батышта, Сузак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү: Жалал-Абад шаарында, Сузак, Жар-Кыштак айылдарында - 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Массы айылында 3 баллды түзгөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий