• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта балык уулоого чыккан аялдын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Талас облусундагы Талас суусуна балык кармоого чыккан аялдын сөөгү табылган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1956-жылы туулган В. Машнина үстүбүздөгү жылдын 17-февралында болжол менен саат 14:00 чамасында балык уулоого үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрадан кайтып келген эмес.

“Издөө иштерине КР ӨКМнин №17 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, 7 РИИБ кызматкери жана 6 туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 09:50дө Талас суусунун жээгинен аялдын жансыз денеси табылган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий