• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жол кире 5 сомго кымбаттады

Аймак 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Жалал-Абадда автобустардын жол киреси 5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол акысын Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы жогорулаткан.

"Аталган ишкананын жетекчиси буга чейин жол акынын арзандыгы, ал эми күйүүчү-майлоочу майлар жана тетиктердин кымбаттыгынан автобустар өз чыгымын жаба албай калганын билдирип, шаардык кеңештин депутаттарына жол кирени жогорулатып берүү боюнча кайрылган. Эл өкүлдөрү жогорудагы жагдайларды эске алып, жол акысын 10 сом көтөрүп беришкен. Ал эми 1-5-класска чейинки шаардын мектеп окуучулары акысыз жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы 1-сентябрдан баштап каттамга чыга баштайт. Учурда 8 автобус каттамга чыгууга даяр, калган бир нече автобус бузук абалда турат.

Пикир

Оставить комментарий