• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү секторун реформалоого финансылык колдоо көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Кечээ, 26-августта, КР Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” финансылык макулдашуусунун шарттарынын үчүнчү траншынын индикаторлорунун аткарылышы боюнча Евробиримдиктин атайын баалоо жана мониторинг жүргүзүү миссиясынын отчёту талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, талкууга КР министрлер кабинетинин, Экономика жана финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызмат адамдары, Евробиримдиктин КРдагы элчилигинин, Азия өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун кызматкерлери, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Отчёт жакын арада Евробиримдиктин Брюсселдеги (Бельгия) кеңсесине жөнөтүлөт.

Жогоруда белгиленген финансылык макулдашуунун алкагында 2019-2021-жылдарга Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоого 32 млн евро бөлүнгөн. Анын ичинен 7,7 млн евро суммасындагы соңку үчүнчү транш үчүнчү транштын индикаторлорунун аткарылышы тууралуу отчёттун негизинде 2021-жылы мамлекеттик бюджетке грант түрүндө түшөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий