• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Министрликтен кошумчалашкандай, Сейдакматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Эске сала кетсек, Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 16-февралда 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

Фрунзедеги №5- орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырат. Табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат. Келечектүү актрисанын таланты 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында ролун аткаруу менен кеңири таанылган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыбай эмгек кылуунун үлгүсүн жаратты.

Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин "Азоого чалмада" Катарина, "Отеллодо" Дездемона, Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күндө" Найман эне Ж. Абдыкадыровдун "Олжобай менен Кишимжанда" Кишимжан, К. Мамбетакуновдун "Омар Хайямдын махабатында" Элпи, М. Байжиевдин" Төрт адам да" Нази, "Кыз күйөөдө" Гүлсүн, Б Жакиевдин "Күттүргөн жазда келээр" Зейнеп, М. Карим "Ай тутулган түндө" Шафак, Гогольдун "Үйлөнүүсүндө" Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасов "Ак боз ат" Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.

Пикир

Оставить комментарий