• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -11…-16 градус болот.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6, ал эми Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -1…+4, Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12, Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус болот.

Бүгүн борбор калаабыз Бишкекте күндүз жаан, кар жаашү күтүлөт. . Жолдор тонголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 4…6 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий