• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров менен Мясникович Евразиялык экономикалык форумда көтөрүлгөн демилгелерди талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Тараптар уюмга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосунда кооперативдик байланыштарды калыптандырууга, ошондой эле экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө багытталган Евразия экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн жогорку деңгээлин белгилешти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович экономикалык форумдун коноктору тарабынан көтөрүлгөн бир катар демилгелерди, анын ичинде маданий-гуманитардык, ошондой эле Евразиялык сыйлыкты түзүү, экономикалык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусунда белгиленген Евразия экономикалык форумунун органдарына Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий