• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Шэньси провинциясынын Компартиясынын партиялык комитетинин катчысын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэни кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, үстүбүздөгү жыл эки өлкө үчүн “бардык пландар боюнча жемиштүү болду” деп белгилешти.

Минкаб төрагасы Кытай көп жылдардан бери Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берерин белгиледи.

Тараптар инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.

Бул багытта Минкаб төрагасы өлкө президенти чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп жатканын белгилеп, Кыргызстанда либералдуу мыйзамдар бар экенин жана салыктын ставкалары төмөн экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Жапаров белгилегендей, Кыргызстан Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, анын аркасында экспортерлор ЕБ өлкөлөрүнө нөлдүк тарифтик ставкалар боюнча 6200дөн ашуун товардык позицияны бере алышат.

Ошондой эле минкаб төрагасы кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташууга, атап айтканда, Кыргызтандын аймагында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай билим берүү мекемелерин (лицейлер, колледждер, институттар) түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Кытайдын Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ идеяларды, анын ичинде бул жолугушуунун жүрүшүндө айтылган идеяларды иш жүзүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдирди жана экономика, соода, инфраструктура, транспорт, энергетика, инвестиция, айыл чарба, туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Чжао Идэ ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган максималдуу күч-аракеттерди жумшоо ниетин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий