• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Марокконун Королуна жер титирөөнүн кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 09.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий