• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Фонддун учурдагы ишмердиги менен 2021-жылга карата башкы пландары талкууланып, долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана 2020-жылы берилген жеңилдетилген насыялар жөнүндө маалыматтар айтылды.

Азиз Аалиев маалымдагандай, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан 53,6 миллион долларга 475 долбоор жактырылган. Жактырылган долбоорлордун жалпы санынын 83,5%ы өлкөнүн аймактарына туура келген.

РКӨФ ишмердигин баштагандан тартып 2021-жылдын 1-апрелине чейин 434 миллион долларга 2 926 долбоор жактырылган.

Азиз Аалиев 2020-жылы РКӨФ тарабынан айыл чарбасында кластердик демилгелерди колдоо боюнча программалар, Фонд тарабынан жүзөгө ашырылып, каржыланган чакан жана орто бизнес үчүн антикризистик чаралардын 3 пакети иштелип чыкканын айтты. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштеген компанияларга карата жеңилдетилген каржылоо да жактырылган.

Каржылоонун 54%ы өндүрүш, агроөнөр жай комплекси жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлорго багытталганы белгиленди.

Мамлекет башчысы РКӨФ түзүлгөн күндөн тартып Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине интеграциялануу процессиндеги маанилүү курал болуп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошконун баса белгиледи.

Садыр Жапаров насыяларды өлкөнүн бардык облустарында бирдей бөлүштүрүүнүн жана алдыңкы санарип технологияларын киргизүүгө багытталган долбоорлорду каржылоону көбөйтүүнүн маанисине токтолду.

Ал 2021-жылы Фонддун ишмердиги өндүрүш чөйрөсүн жана агроөнөр жай комплексин кеңейтүүгө багытталышы керектигин кошумчалады. Жеңилдетилген насыялардын басымдуу бөлүгү экспортко багытталган ишканаларды жана кластердик долбоорлорду колдоого жумшалышы зарыл.

Президент ишкерлер тарабынан сомго болгон суроо-талапты белгилеп, азыркы экономикалык шарттарда реалдуу секторду колдоо негизги багыттардын бири экенин айтты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарында жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берген долбоорлорду каржылоону күчөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий