• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров: Сот бийлиги Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал

Президент 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. «Сот бийлиги улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал болуп саналат. Ал эми мыйзам жана сот алдында баардыгы бирдей деген конституциялык принциптин шартсыз сакталышы соттордун иш-аракеттеринен түздөн-түз көз каранды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сот корпусунун алдында сүйлөп жатып.

Иш-чаранын катышуучуларына кайрылган Мамлекет башчысы соттор менчиктин бардык түрлөрүнүн, жарандардын, ишкерликтин субъектилеринин жана юридикалык жактардык укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын эффективдүү корголушун камсыз кылууга милдеттүү болсо, чынында иш жүзүндө башкача болуп жатканын баса белгиледи.

«Кыргыз сот адилеттигинин жаргылчагына түшүп, андан реалдуу түрдө чыгып кетүү — бул чындыктан жомокко киргенге эсе. Муну мен ошол жаргылчактын бүт оорчулуктарын өзүмдүн жон терим менен сезип, башыман өткөргөн адам катары айта алам. Буга дагы мисал катарында мурунку жана 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолорду келтирсе болот, анткени алдамчылык жана фальсификация жолу менен чыгарылган шайлоонун жыйынтыктары болобу же мамлекеттик, алардын ичинде сот органдарынын чечимдери болобу жалпы кыргыз элибиз андайларды кабыл албай, дайыма каршы чыгып келген. Ошондуктан бүгүн, 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы, биздин сот жана укук коргоо системаларыбыз өздөрүнүн эң негизги болгон — мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү милдеттерин так аткарбай келет деп биз ачык айтышыбыз керек. Ошондой эле эл аралык коомчулук, сырткы жана ички инвесторлор республиканын укуктук системасын менчикти жана бузулган укуктарды толук кандуу коргоп бере албаган система катарында кабыл алганын биз мойнубузга алышыбыз керек», — деп билдирди Президент.

Садыр Жапаров коомдук аң-сезимде мамлекеттик укук коргоо жана сот тутумдарына карата терс мамилени жараткан сот адилеттигинин актуалдуу көйгөйлөрүнө да токтолду.

Анын айтымында, акыркы жылдардагы саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге, жада калса бийлик жөнүндө сын айткан карапайым жарандарыбызга карата жүргүзүлгөн сот процесстери дагы коомдун көңүл борборунда болду. Бул жерде коомчулук тарабынан: сот тутуму ар кандай саясий топтордун куралына айланып калгандыгы, укук коргоо органдары менен соттордун коррупциялашкандыгы, коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар координацияланбагандыгы, жоопкерчиликке тартылып жаткан коррупционерлер менен бийлик ортосунда макулдашуулар жүргөндүгү тууралуу бийликке, анын ичинде сот органдарына карата жагымсыз тыянактар чыгарылып жатканын эске алуу абзел.

«Сот бийлигинде болгон көйгөйлөр түз же кыйыр түрдө коомдун баардык– саясий, экономикалык, социалдык аймактарын камтыйт. Судьялардын колунда мыйзам реалдуу күчкө ээ болот жана адамдардын тагдырларына гана эмес, көп учуларда жалпы коом жана мамлекетке дагы таасир этүүчү куралга айланат», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий