• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жапаров мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат

Президент 0

Бишкек, 01.07.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Иш-чара коронавирус инфекциянын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду, бардык катышуучулар алдын ала ПЧР тест тапшырышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы — саат 10:00.

Пикир

Оставить комментарий