• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, ошондой эле кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыкты.

Төмөнкү негизги түшүнүктөргө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму, Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы, Жарандык коргонуунун күчтөрү, Жарандык коргонуунун аскерлери, Жарандык коргонуунун түзүмдөрү, согуш мезгилиндеги Жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кемчиликтерди жоюу максатында төмөндөгүдөй кошумча жаңы негизги түшүнүктөр киргизилүүдө Жарандык коргонуунун каражаттары, өзгөчө кырдаалдын аймагындагы калктын турмуш- тиричилигин камсыздоо, башкаруу органдары, кырсыктар, кырсыктардын тобокелдиги, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын мониторинги жана божомолдоо ж. б.

Мындан сырткары, Жарандык коргонууну уюштуруу жана иш жүргүзүү принциптерин жетекчиликке алган беренелердеги кемчиликтерди жоюу максатында толуктоолор киргизилди. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш жүргүзүүсү, коомдук уюмдардын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуусу жана жарандык коргонуудагы байкоо жана лабораториялык көзөмөл боюнча жаңы беренелер киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий