• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын белгилөөгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана майрамды республиканын бардык аймактарында жогорку деңгэлде өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган буйругун аткаруунун негизинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Жумушчу топ тарабынан Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата иш чаралардын планы иштелип чыгып бекитилди.

План 16 пункттан турат, анда мамлекеттик органдарга, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын белгилөөдө салтанаттуу иш чараларды өткөрүү үчүн уюштуруу жана даярдык иштерин чечүү маселеси тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий