• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков 2010-жылдагы июнь окуяларынын 8 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы июнь окуяларынын 8 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Мындан сегиз жыл мурда сепаратисттер менен улутчулдар өткөн кылымдын алтымышынчы жана токсонунчу жылдарында болуп өткөн этнос аралык жаңжалдардын өчпөй калган чогун кайра тутандырышып, Ошто кандуу кагылыш кайра кайталанган.

Бүгүн биз ошол апаатта набыт болгондордун арбагына таазим этип, дайынсыз жоголгондорду эскеребиз. Жабыр тарткандарга өлкөнүн бардык аймактарынан кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу мекендештер!

Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу далилдеди.

»Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот« деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз эң зарыл. Бири-бирибизге болгон сый-урмат, жардам, ишеним аркылуу биз чоң ийгиликтерди жарата алабыз. Биздин күч — бирдикте!

Кыргызстан — көп этностуу мамлекет. Көп түрдүүлүк бул биздин байлыгыбыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 100дөн ашык этностордун өкүлдөрү бар. Ар бир этникалык топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоо менен мекенибиз Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет.

»Мекенди сүйүү ыймандан« деп айтылгандай, кайсы гана этностун өкүлү болбосун төрөлүп өскөн жери ыйык. Башка жер ал үчүн эч качан Мекен болуп бере албайт. Бизди мекенибиз Кыргызстан бириктирип турат.

Урматтуу мекендештер!

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттин бекемдиги жарандардын жалпы максатка карай аракеттенип, ар бир жаран өз келечегин ошол мамлекетте көрө билгенде гана ишке ашат. Биз үчүн бүгүнкү күндө жарандык интеграция процессин ийгиликтүү уюштуруу алдыда турган эң негизги милдеттердин бири.

Ар бир кыргыз жараны ушул милдетти ишке ашырууда өз салымын кошуусу Мекендин алдындагы ыйык парзы.

Келечекке ынтымак, ыйман жана эмгек менен бирге умтулуу бизди бакубат мамлекет, адилеттүү коом курууга жеткирет!»

Пикир

Оставить комментарий