• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбековду Кытайга кимдер коштоп кетти?

Президент 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына учуп барды.

Президентти коштоп кеткендердин тизмеси:

- КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

- КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

-КР вице-премьер-министри Замирбек Аскаров;

- КРнын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Азамат Усенов;

- Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков;

- Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулу;

- Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев;

- Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров;

- Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов;

- КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров;

- КР Финансы министри Адылбек Касымалиев;

- КР Экономика министри Олег Панкратов;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев ;

- КР унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

- КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;

- КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ;

- КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов;

Белгилей кетсек, Мамлекеттик визиттин алкагында Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Визиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий