• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитине катышты – Фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 15.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасы өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча жыйындын максатын жана принциптерин бекем кармана тургандыгын билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин Декларациясын кабыл алышты.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков Саммиттин жүрүшүндө Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий