• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков борбордук жана башка маморгандардын жетекчилерин тартиптик жазага тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду

Президент 0

Бишкек, 05.02.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылат:

— Улугбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы;

— Зайырбек Эргешов — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

— Акылбек Султанов — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

— Бакытбек Сагынбаев — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу.

Пикир

Оставить комментарий