• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кайталанышына жол бербейм

Президент 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу Элдик апрель революциясынын курман болгон баатырларынын элесине арнап куран түшүрүүдөн башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык, саясий кыйынчылыктарды баштан кечиргенин белгиледи. Бирок бардык сыноолорго карабастан, Кыргызстан эли өз мамлекеттүүлүгүн сактап калды жана майтарылбас эркин көрсөттү.

«Кыргызстандын тарыхында бир максатка биригип, өз эркиндигин сактап калыш үчүн чогуу күрөшкөн мисалдар аз эмес. Элдик апрель революциясы мына ошондой баатырдык мисалдардын бири болуп саналат, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков, - 2010-жылдын 7-апрели - кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя. Биздин эркиндикти сүйгөн элибиз үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын дагы бир жолу көрсөттү».

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 7-апрелде биз курман болгондорду эстейбиз жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашын, эркиндиктин салтанатын майрамдайбыз.

Апрель окуяларынын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы алардын каармандыкты жана эрктүүлүктү көрсөткөнүн белгиледи. “Сиздер өз өмүрүңөрдү аябастан өлкөнү кыйроодон сактап калдыңыздар. Сиздер мөндүрдөй жааган октон жалтанбай Ала-Тоо аянтында өлүмгө бетме-бет каршы турдуңуздар. Силердин эрдигиңер Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат», - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпайт, деп баса белгиледи.

«Канча мезгил өтсө да бул окуялар эч качан унутулбасына ишенем. Тескерисинче, бул күнгө элибиз сый-урмат менен мамиле жасап, баатырлардын эрдиги кыргызстандыктарды жаңы жетишкендиктерге шыктандырат», - деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы элибиздин темирдей бекем эрки менен Кыргызстан бардык оор сыноолорду жеңип чыгып, өнүгүү жолуна, биздин бабаларыбыз, Элдик апрель революциясынын баатырлары умтулган укуктук жана эркин мамлекетти куруу жолуна түштү деп белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө бийлик айрым саясатчыларга эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин баса белгиледи.

«Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан Президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот», - деп баса белгиледи Президент.

Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш, парламенттик демократияны чыңдоо жөнүндө пикир алмашуу болду. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары өлкө кайрадан үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кучагында калбаса экен деген кооптонууларын билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Президенти болуп турганда үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кайталанышына жол бербей турганын билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкө региондорун өнүктүрүү боюнча Президенттин аракеттерин колдошту.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп турууну чечишти. Андан тышкары, Мамлекет башчысы бүгүнкү жолугушуунун катышуучуларынын ар бирин өз-өзүнчө кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун, жана «Каркыра» элдик кошуунунун өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий