• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков өкмөттүн, парламенттин мурдагы жетекчилери жана Кыргызстандын донорлору менен жолугушат

Коом 0

Бишкек 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, Өкмөт менен парламенттин мурдагы жетекчилери жана Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылып жаткан өнөктөштөр - донорлор менен да жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрда Талас облусунда, Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында орто мектептин ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы буга чейин коомдун түрдүү тармактарында эмгектенген адистер жана кесипкөй адамдар менен жолугушуу өткөргөнүн эске салды. Алар - маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, Кыргызстандын бизнес коомчулугу.

«Ар кайсы багыттарды өнүктүрүп, Кыргызстаныбызды жаӊы тепкичке көтөрүү боюнча сунуштарды талкууладык. Өлкөбүздү өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр бар экендигин ачык сүйлөштүк. Курч маселелерди ортого салып, аны чечүүнүн жолдорун белгиледик. Эл арасында аттуу-баштуу, мамлекеттин ишине өз салымын кошчу адамдарыбыз арбын. Мурда кыргыз өкмөтүн жана парламентин жетектеген инсандар менен да ийри отуруп, түз кеңешип, ачык сүйлөшүп, өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниеттенип жатам», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кече жакында Кыргызстанда дүйнөнүн булуң бурчунан чогулган интеллигенция өкүлдөрү катышкан Айтматов форумун эске салган Президент жакында өлкөнүн интеллигенция өкүлдөрү менен да жолугаарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекет башчысы катары негизги максаты – коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген бардык активдүү адамдардын башын бириктирүү экенин баса белгиледи.

«Мамлекетибизди өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсо, бардык максаттарга жетебиз. Жалпы кыргызстандыктар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү болгондо гана Кыргызстан туруктуу өнүгөт”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий