• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Конституция — бул мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу

Президент 0

Бишкек,05.05.9./Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн.

Мындан 26 жыл мурда, ушул күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган.

Ал жалпы адамзат баалуулуктарын туу туткан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мыйзамдуу пайдубалын түптөдү.

Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу.

Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили.

Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, жергебизге гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.

Кыргызстаныбызды Кудай колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий