• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков КР Премьер-министри, ЖК Төрагасы жана ЖС Төрайымы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, бардык бийлик бутактарына жакшылыктарды жана мамлекетти өнүктүрүп, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.

«Өткөн жыл татаал болсо да, жалпысынан жакшы болду. 2017-жыл өлкөнүн баардык жашоо тармагында кыйла өсүш жана олуттуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталууда. 2018-жылга карата алдыда чоң милдеттер турат, биргелешкен аракеттер менен өлкөнү өнүктүрөбүз, туруктуулукту бекемдейбиз жана кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий