• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков КРнын Новосибирскидеги жаңы консулуна бир катар тапшырмаларды берди

Президент 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи.

Ошондой эле баарлашуу учурунда Президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 Жарлыгы менен Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу түзүлгөн.

Башкы консулдук өзүнө Россиянын Алтай, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыган округ менен түзүлдү.

2018-жылдын алдын ала маалыматы боюнча, Сибирь федералдык округунун аймагында убактылуу/туруктуу жашаган КР жарандарынын саны төмөнкүдөй: Новосибирск ш. жана Новосибирск обл. — 31 934 адам, Кемеров обл. — 2291, Омск обл. — 2750, Томск обл. — 1910, Алтай Республикасы — 121, Алтай крайы — 7 491. Бардыгы болуп Ыраакы Чыгыш Сибирь федералдык округунда 67 485 миң КР жарандары бар.

Пикир

Оставить комментарий