• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоону тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк

Президент 0

Бишкек, 27.07.19. /Кабар/. "Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк", - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз деди.

"Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти „жөнөкөйдөн татаалга карай“, өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблематикалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт", — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттер башчыларыгнын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий