• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды

Президент 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды. Бул борбор КР Эмгек жана Социалдык ѳнүгүү министрлигине карайт.

Борбордун жетекчиси Айзада Асанованын айтымында, медициналык пункттун капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерине жана дарылоо, физкультура кеңсесин оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүүгө акча каражаты керектелет.

Сооронбай Жээнбеков реабилитациялоо борборун карап чыгып, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшө турганын белгиледи. Мамлекет башчысы борбордо иштеп жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, алардын социалдык багыттагы суроолоруна жооп берди.

Маалымдама: Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жана 100 орунга ылайыкташтырылган бул реабилитациялоо борборунда талма оорусу менен 27, церебралдык шал оорусу менен 20, азыраак акыл эстен артта калуу менен 19, оор акыл эстен артта калуу менен 14, даун диагнозу менен 7, аутизм диагнозу менен 2 бала багып каралат.

Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты - ар дайым кароого муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызматтын түрүн көрсөтүү. Алар - социалдык медициналык, педагогикалык, психологиялык, маданий, укуктук кызматтар.

Штаттык бирдиги - 78 киши.

Пикир

Оставить комментарий