• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Москвада футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

Президент 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий