• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Өлкө аймагында 14-15-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий