• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Биздин өлкөлөр ортосунда чыныгы достук мамилелер орногонун жана акыркы жылдары кызматташтык туруктуу жана ыраттуу өнүгүп жатканын белгилөө мен үчүн жагымдуу. Корея Республикасын Кыргыз Республикасына болгон дайымкы колдоосуна ыраазымын. Биргелешкен күч-аракет менен өз ара пайдалуу кызматташтык болоруна жана мындан ары Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Мун Чжэ Инге ден соолук, бакыт, мамлекеттик жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги корей элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

Пикир

Оставить комментарий