• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү инструменттеринин бири — өндүрүш зоналарын түзүү

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. «Орто жана чакан бизнести өнүктүрүүнүн жана өндүрүштү стимулдоонун инструменттеринин бири — өндүрүш зоналарын түзүү», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы бул тууралуу такай айтылып келгенин, бирок Өкмөт дагы, жергиликтүү бийлик дагы бул маселе боюнча алгылыктуу иш алып бара албай жатканын белгиледи.

«Эркин экономикалык зоналардын концепциясын толугу менен карап чыгып, эркин индустриалдык зоналар боюнча жаңы мыйзам базасын тез арада сунуштоону күтөбүз», — деп айтты президент Сооронбай Жээнбеков жана туризм кластерин колдоо максатында туристтик зоналар түшүнүгүн мыйзам түрүндө киргизип, толук преференцияларды жана стимулдарды камтыган инструменттерди сунуштоо зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле соода-өндүрүш палатасынын иштөө принциптери толук реформалоого муктаж болуп, бул институт өзүнүн вазийпасын аткара албай жатканын белгиледи.

«Иш жүзүндө бул палата — бизнес биримдиктердин жалпы кызыкчылыктарын ар кайсы аренада коргой ала турган, улуттук экономиканы алга сүрөгөн күчтүү уюм боло алган жок», — деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий