• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өткөн.

Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелери активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын белгилеген.

Ал Россиянын президентине ЖККУнун алкагында да, эки тараптуу форматта да активдүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирген.

«Биз дайым Сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз. Сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат», — деди ал.

Жээнбеков Кыргызстан жана Россиянын кызматташуусу мындан ары дагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктө өнүгөөрүнө ишенимин билдирген.

Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирген. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн гана эмес, аймактагы кызматташтык жаатында дагы маанилүү болгон көптөгөн маселелер боюнча Кыргызстан лидерликти көрсөткөнүн белгилеген.

Путин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамлекеттер аралык жана саясий мамилелердин бардык тармактарында байкалып жатканын айтып өткөн.

Россиянын президенти кыргыз тарапка БУУ жана башка аянтчаларда россиялык демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирген.

Ал Россия Кыргызстан менен болгон экономикалык байланыштарда лидерлердин бири экенин белгилеген — 2018-жылы өз ара соода-сатыктын жүгүртүүсү 17%дан ашып, Кыргызстандын Россияга экспорту 22%га жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий