• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Санариптештирүүнүн негизги максаты — экономика тармактарындагы көмүскө айланган каражаттарды жоюу

Президент 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. «Санариптештирүүнүн эң негизги максаты — экономика тармактарындагы көмүскө айланган бардык каражаттарды жоюу, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагында», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бардык тармактар санариптештирүүгө өткөрүлөт, мунун менен катар бажы, салык системасында жана башка каражат түшкөн тармактарда санариптештирүүнү тездетүүгө басым жасалууда.

Президент баса белгилегендей, санариптештирүү жолу менен бюджетке каражаттар толукталат, ошонун эсебинен мугалимдердин, медиктердин, социалдык жана башка бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт, бирок буга убакыт керек.

«Бүгүн-эртең айлык акыны көтөрүп жиберем деп куру убада бере албайм. Бирок санариптештирүүнү киргизүүнү канча тездетсек, ошого жараша айлыкты көтөрөбүз. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айлыктарын көтөрдүк. Эми стационарда иштегендердин айлыгын көтөрөбүз. Ал боюнча тапшырма берилди, иштер жүрүп жатат, чечүү жолдорун издеп жатабыз. Биз муну сөзсүз кылабыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий