• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Сокулуктагы жана Бишкектеги 2 мектептин абалы менен таанышып чыкты – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Сокулук районундагы Орок орто мектебине, ошондой эле Бишкек шаарындагы № 59-мектепке барды. Бул эки мектепте тең учурда долбоордо каралгандан 3-4 эсе көп окуучулар билим алышат.

Мамлекет башчысы мектептердин имараттарын, класстарды, жаңы окуу корпустарын куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди көрүп чыкты, алардын долбоорлору менен таанышты.

Ал окутуучулар менен маектешип, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны өтө көп болуп жаткандыгын айтты. Буга ички миграция чоң таасир этип жатканын айтып, Президент кошумча окуу корпустарын куруу боюнча долбоорлорду тезирек ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Президенттин дарегине Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулар батпай жаткандыгы жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келет. Сооронбай Жээнбеков мурда бир нече мектептерди кыдырып, алардын абалын көрүп, коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшаларын айткан болчу.

Өткөн жылы корупцияга каршы күрөштөн мамлекетке жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр кайтарылган. КР Финансы министрлиги бул каражаттан керектүү сумманы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.

Орок айылындагы мектептин директору Айгуль Исакова 320 окуучуга ылайыкталган Орок орто мектебинин имараты 1984-жылы курулганын, азыр анда 1910 окуучу окуп жатканын айтты. Окуу процесси 3 сменде ɵтɵт. Ар бир класста 40тан ашык окуучу окуйт. Окуу класстары жетишпегендиктен, балдар имараттын жертөлөсүндө да окушат.

Бул мектепте Орок айылынын балдары эле эмес, «Ак-ордо», «Арча-Бешик», «Ак-Орго», «Салкын тор», «Сары Ѳзɵн» жана башка жаңы конуштардан жана жанаша жайгашкан айылдардан балдар келип, окушат. Мында кошумча окуу корпустарын куруу маселеси өтө зарыл.

№ 59-мектептин директору Маргарита Ситникованын айтымында, мектеп 1962-жылы курулган. Долбоор боюнча мектеп 400 окуучулук орунга эсептелсе, азыр анда 1112 бала билим алат. 150 окуучу орундуу кошумча имарат куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий