• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Беш-Күңгөйдөгү футбол комплекси курулуучу жерди барып көрдү

Президент 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курулуучу жерге пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысына комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, ошондой эле машыгуу аянтчасы жайгаша турганы маалымдалды.

Батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, баяндамачылар бөлмөсү жана конференц-зал болот.

Коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар.

Президент Садыр Жапаров комплекстин долбоору менен таанышып, келечектеги чемпиондорду даярдоого, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий