• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келди

Саясат 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Эркин Туниязды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармактарында кыматташуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Ошондой эле, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий