• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугушту

Саясат 0

Душанбе, 11.10.18. /Кабар/. Душанбеде өкмөттүк резиденцияда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзада жолугушту.

Жолугушууга кыргыз делегаттарынын ичинен вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков, КРнын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов, экономика министри Олег Панкратов, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков катышты.

“Кыргызстан эки өлкө ортосундагы алакаларга чоң маани бере тургандыгын айтып өткүм келет. 2018-жылы биздин мамлекет башчылар 3 ирет жолугушту, анын ичинде расмий визит, Кытайдын Циндао шаарындагы жолугушуу жана жакында эле Тажикстан Республикасына болгон сапар”, - деп билдирди КР өкмөт башчысы.

Абылгазиев соода-экономикалык алакалар тууралуу айтып жатып билдиргендей, статистика былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу товар алмашуу дээрлик эки эсеге өскөндүгүн көрсөтүп турат.

Өз кезегинде Кохир Расулзода Кыргызстандан келген кесиптештерин көргөндүгүнө жана ШКУнун алкагында айрым маселелерди талкуулоого мүмкүндүк түзүлгөндүгүнө кубанычта экендигин билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Душанбе шаарына учуп келди.

Пикир

Оставить комментарий