• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров ЖЭБдеги оңдоо иштерин мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди

Президент 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына караганда, президент үстүбүздөгү жылдын 2-февралында түзүлгөн штаттан тышкаркы кырдаалдан кийин жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.

"Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги бардык пландаштырылган иш-чараларды белгиленген мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды берди", — деди Алагөзов.

Пикир

Оставить комментарий