• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Түркиянын бардык булуң-бурчтарынан жолугушууга келишкен мекендештерге ыраазычылык билдирди. Ал Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу айтып берип, бүгүн Түркиянын Премьер-министри жана парламент спикери менен жолугушуулар күтүлүп жатканын белгиледи. “

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен көптөгөн олуттуу эки тараптуу маселелерди конструктивдүү нукта талкууладык. Кыргыз-Түрк мамилелерине байланыштуу маселелерге кенен-кесир токтолдук. Биз жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына ыраазыбыз”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал түрк тарап менен стратегиялык кызматташтыктын көптөгөн чөйрөлөрүндө мамилелерди активдештирүү, анын ичинде Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин саммитин өткөрүү тууралуу да макулдашылганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Түркия мамлекетинин башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда өтө турган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышууга келем деп убада бергенин кошумчалады.

Президент бул жолугушууга ошондой эле Венгриянын премьер-министринин да катышуусу күтүлүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти менен жолугушууда экономика, аскердик-техникалык кызматташуу, ТИКАнын Кыргызстандагы долбоорлорунун санын көбөйтүү, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү маселелери да талкууланганын айтып берди. Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандарын социалдык камсыздандыруу маселеси чечилди.

“Түркия Президенти кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагы ачылганын белгиледи, мен да ушундай пикирдемин. Түркия менен кызматташуу – Кыргызстандын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири ”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Андан соң диаспора өкүлдөрү Президент Сооронбай Жээнбековго консулдук тейлөө, виза жана укук маселелерине, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо көйгөйлөрүнө байланыштуу суроолорду беришти.

Диаспора өкүлдөрү 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри кезинде алар менен жолугушууга келгенде айтылган айрым маселелер чечилгенин, ал эми калган маселелер да чечилет деп үмүттөнүшөрүн билдиришти.

Мекендештердин суроолоруна Президент өзү жана жолугушууга катышкан расмий делегациянын мүчөлөрү жооп беришти. Президент бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Диаспора өкүлдөрү суроо берүү менен эле чектелбестен, өздөрүнүн илимий жана адабий эмгектеринин жемиштери менен да тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий