• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков ТүркПАнын жана ТТМК кеңешинин Башкы катчыларын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду ТүркПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап: «Сиздин келишиңиз менен Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы жана көп тараптуу мамилелердин мындан ары дагы жакшыруусуна жана жогорку деңгээлге чыгарына ишенем», — деп билдирди.

ТүркПА Башкы катчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң натыйжалар бар экендигин, парламенттик багыттарда иштер активдешкенин маалымдады.

«ТүркПАда 4 багыт боюнча комиссиянын иши активдүү жүрүүдө. Алар экономикалык, эл аралык, социалдык-гуманитардык, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары», — деп билдирди Алтынбек Мамаюсупов.

Ушул эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын Багдад Амреевди кабыл алып, аталган кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине төрагалык кылуусу мезгилинде маанилүү иш чараларды өткөрүүнү пландаштырууда жана жакшы демилгелер менен сунуштар үчүн ачык.

Сооронбай Жээнбеков экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык маселесин алдыңкы планга чыгаруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды, бизнес-форумдарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл», — деп сунуштады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Кыргызстанда 2018-жылдын жайында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн өзгөчө белгиледи.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде мамлекеттер аралык мамилелер дагы бир топ жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем», — деп билдирди Багдад Амреев.

Пикир

Оставить комментарий