• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков УАМ согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрүн көбөйттү

Президент 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. 9-май – Жеңиш күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өз буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйттү. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Президенттик фондунан 7 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык 2018-жылга карата өлкөдө согуштун 475 ардагери бар, анын ичинен 128 – согуштун майыптары, 299 – согуштун катышуучулары, 23 – концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25 – Ленинград блокадачылары. Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун (мындан ары -УАМС) ардагерлерин социалдык колдоо ай сайын өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы УАМСтын майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларга 10 000 сом өлчөмүндө, ошондой эле ай сайын жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар:

-УАМСтын майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына – 7000 сом;

-УАМСта каза болгон жоокерлердин жесирлерине – 1000 сом;

-майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилерине – 2000 сом;

-майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине – 1000 сом;

-эмгек армиячыларына – 2000 сом;

-УАМСтын майыптарынын, катышуучуларынын жана Ленинград блокадчыларынын
жесирлерине – 1000 сом.

Мындан сырткары жыл сайын 9-май Жеңиш күнүнүн урматына кошумча бир жолу акчалай жөлөкпул төлөнөт;

-УАМСтын майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек
туткундарына, Ленинград блокадачыларына – 15 000 сом;

-УАМСта каза болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун эмгекчилерине жана
эмгек армиячыларына – 10 000 сом.

Жогорудагыларга кошумча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын Президенттик фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 15 000 сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берилет.

Андыктан, бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (ар бирине) берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 47 400 сомду, согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине 11 200 сомду, майыптыгы бар ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына 12 100 сомду, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий