• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында бүгүн, 3-майда болжол менен таңкы саат 07:15 чамасында катталган.

“Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып, бакты сүзүп алган.

“Кырсыктан бир адам жабыркап, үчөө каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарышып РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий